Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Францияда сотко алып келинди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып жатышат.
Белгилей кетсек, 24-августта Франциянын жарандыгы бар Павел Дуров Париждин "Ле-Бурже" аэропортунда кармалган. Ал Парижге Азербайжандан жеке бизнес учагы менен учуп келгени маалымдалган. Дуров 26-августта 48 саатка камалганы белгилүү болгон.
Париж прокуратурасы Павел Дуровду 12 кылмышка айыптап жатат. Бүгүн, 28-августта чет элдик басылмалар Дуровдун агасы Николай Дуровго Францияда издөө жарыяланганын жазышты.