Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров жеке кара түстөгү минивэн менен Париж сотунан чыгып кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Соттон чыгып бара жаткан Дуров журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.
Сот Дуровду камактан бошоткон, бирок ал соттун көзөмөлүндө болуп, Франциянын аймагынан чыга албайт. Ал ошондой эле 5 миллион евро өлчөмүндө күрөө төлөшү керек жана жумасына эки жолу полиция бөлүмүнө келип турат. Дуровго 6 берене менен айып тагылууда.
Белгилей кетсек, 24-августта Франциянын жарандыгы бар Павел Дуров Париждин "Ле-Бурже" аэропортунда кармалган. Ал Парижге Азербайжандан жеке бизнес учагы менен учуп келгени маалымдалган. Дуров 26-августта 48 саатка камалганы белгилүү болгон.
Париж прокуратурасы Павел Дуровду 12 кылмышка айыптап жатат. Бүгүн, 28-августта чет элдик басылмалар Дуровдун агасы Николай Дуровго Францияда издөө жарыяланганын жазышты.