Депутат Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды

Жогорку Кеңештеги “Ыйман нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков бүгүн, 30-августта депутаттык мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадырбеков мандатын өз каалоосу менен тапшыруу боюнча арыз берген. Анын арызын БШКнын мүчөлөрү бүгүн карай турганы айтылды.

Белгилей кетсек, Нуржигит Кадырбеков 22-августта УКМКга сурак берип чыккан. Эл өкүлү SUPER.KG порталына суракка "Ыйман” фондунун ишмердигине байланыштуу күбө катары чакырылганын айтып, тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу кененирээк айта албастыгын билдирген.

Ошондой эле ал сурак учурунда анын депутаттык мандаты тууралуу кеп болбогонун айткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан