Нуржигит Кадырбеков: "Бирөө жалган жалаа жапса – сенин күнөөң кечирилет"

Жогорку Кеңештеги "Ыйман нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков өзү тарабына жасалган кара пиарга көнүп калганын билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү 22-августта УКМКда сурак берип чыккан соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Кадырбеков соңку убактарда социалдык тармактарда анын дарегине айтылып жаткан сындар тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду.

"Эми бул саясатта нормалдуу эле нерсе. Ага көнүп деле калбадыкпы. Руханий жактан алганда, бирөө жалган жалаа жапса – сенин күнөөң кечирилет. Мунун жакшы жактары да бар", - деди депутат.

Ошондой эле ал суракка "Ыйман” фондунун ишмердигине байланыштуу күбө катары чакырылганын айтып, тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу кененирээк айта албастыгын билдирди.

Мындан сырткары сурак учурунда анын депутаттык мандаты тууралуу кеп болбогонун айтты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Тазабек Икрамов 19-июлда өз арызы менен мандатын тапшырган. Ага чейин 17-июлда УКМКда сурак берген.

22.08.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан