Нуржигит Кадырбековдун ордуна жаңы депутат келди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нуржигит Кадырбековдун бошогон мандаты "Ыйман нуру" партиясынын тизмесиндеги Эрнис Айдаралиевге тапшырылды.

Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бүгүн, 30-августтагы отурумунда бир добуштан кабыл алды.

Эл өкүлү Кадырбеков бүгүн өз каалоосу менен мандатын тапшыруу үчүн арыз жазган. БШК Кадырбековдун депутаттык мандатынан ажыраткан болчу. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз. Өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Белгилей кетсек, Нуржигит Кадырбеков 22-августта УКМКга сурак берип чыккан. Эл өкүлү SUPER.KG порталына суракка "Ыйман” фондунун ишмердигине байланыштуу күбө катары чакырылганын айтып, тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу кененирээк айта албастыгын билдирген.

Ошондой эле ал сурак учурунда анын депутаттык мандаты тууралуу кеп болбогонун айткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан