Президент Садыр Жапаров Бишкектеги жаңы "Ынтымак Ордо" аталышындагы Ак үйдү расмий ачты. Иш-чарага биринчи айым Айгүл Жапарова, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер жана коомдук ишмерлер катышты.
Ачылыш аземде сөз сүйлөгөн өлкө башчысы ордо келечек муунга да кызмат кылган имарат болот деген максатта курулганын айтты.
"Ынтымак Ордо" мамлекетибиз үчүн гана эмес эл аралык да чоң мааниге ээ. Анын Кыргызстан менен башка мамлекеттердин байланыштарын чындалышына салым кошо турган ыйык жерине айланарана ишенем. Бул жерде мамлекеттик жана улуттук маанидеги иш-чаралар, ошондой эле өлкө жарандарынын жыргалчылыгына багытталган маселелер байма-бай таалкууланат" деди өлкө башчысы.
Салтанат майрамдык салют менен аяктады.