Айтургандын өлүмү: Шектүү эки айга камалды

Айтурган Маматкулованын өлүмүнө шектүү катары кармалган жолдошу эки айга камалды. Бул тууралуу жактоочу Жанат Гүлжигитов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Жазылган маалыматка ылайык, шектүү Н.Т.нын баш коргоо чарасы калаанын Октябрь райондук сотунда каралып, 30-октябрга чейин камакта калтырылган.

Эске салсак, 10-июлда Октябрь РИИБи иликтөө иштери башталганын маалымдаган болчу. Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишиндеги тергөөнү Башкы прокуратура көзөмөлгө алган. Бишкектин Октябрь РИИБи кечээ, 31-августта шектүү катары Маматкулованын жолдошу кармалганын билдирген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» боюнча айыпталууда.

Айтургандын өлүмү коомчулукта резонанс жаратты. Белгилүү болгондой, ал 7-июль күнү Бишкектеги №4 клиникалык тез жардам ооруканасында каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айтып чыккан.

Бирок келиндин жакындары буга ишенбей турганын, анын өлүмүнө күйөө баласы себеп болушу мүмкүн экенин айтып SUPER.KG порталына кайрылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан