Динара Ашимова Нуржигит Кадырбековдун мандатын тапшыруусу боюнча үн катты

Жогорку Кеңештеги "Ыйман нуру" фракциясынын жаңы шайланган лидери Динара Ашимова мурдагы лидер Нуржигит Кадырбеков мандатын эмне себептен тапшырганын партиялаштарына айтпаганын билдирди.

"Учурда тергөө жүрүп жатыптыр. Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу бизге эч нерсе айткан жок. Өзү эч нерсе айтпагандан кийин менин комментарий бергеним туура эмес болуп калат. Тергөө бүтсө өзү айтат болуш керек. Алдын ала бирөөгө баа берген туура эмес болуп калат. Партиялаштарым деле ушундай пикирде деп ишенем", - деди Ашимова.

Ошондой эле ал жайкы каникулда мандатын тапшырган башка депутаттар "кандайдыр бир каталарынан" улам кеткен болушу мүмкүндүгүн айтты.

"Ар бир депутат инсан, өздөрү чечим кабыл алат. Биз депутат болуп төрөлүп калган жокпуз да, силердей эле адамбыз. Ар бирибиздин баскан жолубуз бар. Балким, өздөрүнүн кандайдыр бир каталары болуп калышы мүмкүн. Кандайдыр бир себеби бар үчүн жазып жатышкандыр. Негизи бир гана депутаттар кеткен жок да, өзүңүздөр көргөндөй, аким, министрлер дагы кетип жатат.

Эми коррупция менен күрөшүү деген ураан менен баратабыз. Буга чейин коррупция менен күрөшүүдө реалдуу түрдө чечкиндүү кадамдар болгон эмес. Бул негизи өтө оор процесс. Көпчүлүк өлкөлөр, маселен, ошол эле Сингапур, Кытай, Корея, Япония дегендер коррупция менен күрөшүүдө биздикиндей процесстерден өтүшкөн. Эң белгилүү адамдар ушинтип кеткен, камалган. Ушундай оор процесс да, биз да ошол этаптан өтүп жатакандайбыз", - деди эл өкүлү.

Эске салсак, Нуржигит Кадырбеков 30-августта өз каалоосу менен мандатын тапшыруу үчүн арыз жазган. БШК Кадырбековду ошол эле күнү депутаттык мандатынан ажыраткан. Анын эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз.

Кадырбеков 22-августта УКМКга сурак берип чыккан. Эл өкүлү SUPER.KG порталына суракка "Ыйман” фондунун ишмердигине байланыштуу күбө катары чакырылганын айтып, тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу кененирээк айта албастыгын билдирген. Ошондой эле ал сурак учурунда анын депутаттык мандаты тууралуу кеп болбогонун айткан болчу.

Анын бошогон мандаты "Ыйман нуру" партиясынын тизмесиндеги Эрнис Айдаралиевге тапшырылган. Кадырбековдун ордуна парламенттеги "Ыйман нуру" фракциясынын лидери болуп Динара Ашимова шайланды.

Жогорку Кеңеш 04.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан