Кыргызстандын Пакистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Авазбек Атаханов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда президенттин администрациясынан билдиришти.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Атахановбуга чейин тышкы иштер министринин орун басары кызматында иштеген.