Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасы аркылуу Канададан сатылып алынган учактардын алгачкысы өлкөгө келерин билдирди.
"Эртең, 6-сентябрда мамлекет сатып алган учактардын алгачкысы саат 10:00дө келип конот. "Asman Airlines" авикомпаниясы тарабынан өлкө ичиндеги каттамдарга коюлат. Жакын арада экинчиси, 2025-жылдын жаз айында үчүнчүсү келип кызмат көрсөтө баштайт", - деп жазды ал.
Буга чейин Орунбеков канадалык компаниядан сатылып алынган Dash-Q8-400 үлгүсүндөгү учактар 27-сентябрдан тарта ички каттамдарды тейлей баштаарын айткан. Аталган учактар сыноодон ийгиликтүү өткөнү дагы кабарланган болчу.
Белгилей кетсек, былтыр сентябрь айында "Манас" эл аралык аэропорту алгачкы жолу өз каражатына Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак сатып алган.
Аэропорттун директору Манасбек Самидинов жаңы учактар ички каттамдарга сентябрь айынан тарта чыга баштаарын, аба каттамдар үзгүлтүксүз болуп, билеттер арзандаарын айткан.