Казакстандагы мектепте тамакка ууланган окуучулардын саны 460ка жетти

Казакстандын Маңгыстау облусунун Бесшокы айылындагы мектепте тамакка ууланган окуучулардын саны 460ка жетти. Бул тууралуу казак басылмалары жазууда.

Маалыматтарга караганда, 460 окуучунун 83ү ооруканага жаткырылган. Ошондой эле 2 бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, буга чейин реанимацияга түшкөн 2 окуучу жалпы палатага которулган. Массалык уулануу 6-сентябрь күнү №8 мектепте орун алган. Мындан улам аталган окуу жайда тергөө иштери жүрүп жатат.

Казак өкмөтү бир ай ичинде өлкөдөгү бардык мектептердин ашканаларында санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүлөрүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан