Мароккодо маймыл чечегин жугузган бир учур катталды

Мароккодо маймыл чечек илдетин жугузган алгачкы бейтап аныкталды. Бул туурасында чет элдик басылмалар өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине көрсөтмө берип билдирди.

Маалымдалгандай, илдет кечээ, 12-сентябрда тастыкталган. Жугузган жаран Марракеш шаарынын тургуну экендиги маалым болгон.

Министрлик бейтаптын абалы туруктуу экенин, эч кандай белгилери байкалбаганын жана эч ким менен байланышта болбогонун тактаган.

Айта кетсек, август айынын ортосунда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башчысы Тедрос Гебрейесус маймыл чечек эпидемиясы жайылуусуна байланыштуу кайрадан глобалдык өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Ал эми Кыргызстанда кырдаал туруктуу экендиги айтылган. Дарыгерлер маймыл чечек кандай илдет экендигин айтып, дарылоо жолдору боюнча кеңеш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан