"Унаа" мекемесинин директору Рустам Жокоев камакка алынды

Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору (“Унаа” мамлекеттик мекемеси) Рустам Жокоев камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 27-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Тастыктагандай, райондук сот 26-сентябрда аны 27-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча шектелүүдө.

Эске салсак, Жокоев 2021-жылы сентябрь айында "Унаа" мамлекеттик мекемесине директор болуп дайындалган. Быйыл март айында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары кызматына бекитилген. Буга улай эле президенттин басма сөз кызматы ага аталган агенттиктин директорунун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлгөнүн маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан