Германиянын Тышкы иштер министрлиги Ирандын элчисин Израилге байланыштуу чакыртты

Германиянын Тышкы иштер министрлиги Ирандын элчисин Израилге ракеталык чабуулга байланыштуу чакырып, ага мындай чабуулдарга жол берилбестигин түшүндүргөн. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз катчысы Себастиан Фишер билдирди.

"Биз бүгүн Ирандын элчисин чакырдык, ал шаардан тышкары болчу, бирок анын өкүлү келди. Анда биз Ирандын Израилдин аймагына тикелей кол салышын эң катуу айыптай турганыбызды жана бул чабуулду эч нерсе менен актай албасыбызды дагы бир жолу ачык айттык", - деген ал өкмөттүн брифингинде.

Эске салсак, кечээ, 1-октябрдан 2-октябрга караган түнү Иран Израилдин аймагына 500дөн ашык баллистикалык ракетасын учурган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан