Президент Садыр Жапаров менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин айтты. Бул тууралуу ал "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди.
"Менчик жерлерди алып коюуга мен каршымын. Жеке менчик мүлктөр кол тийгис. Эгер ФПСтин ижарага берилген жерлери болсо анда башка кеп. ФПСтин жүздөгөн гектар жерлерин 49 жылга алып алышып, анан иштете албай, отоо чөп басып жаткан жерлер жөнүндө кеп болуп жатса керек. Андай жерлерди сөзсүз айыл чарба багытына иштетишибиз керек. Барган сайын дүйнө жүзүндө айыл чарба багытындагы жерлер тарып барат.
Адам саны тездик менен өсүүдө. Мисалы биз бүгүнкү күндө өзүбүздү өзүбүз буудай менен камсыз кыла албай калдык. Керектөөнүн 60 пайызын чет өлкөлөрдөн импорт кылып жатабыз. Ошондуктан бир квадрат метр жер болсо дагы бош жатпашы керек. Жеке менчик жерлерди болсо жергиликтүү бийликтегилер кыдырып туруш керек. Кимдер иштете албай жаткан болсо, өкмөт тараптан жардам берели, иштеттирели. Өзү иштете албай жатса, анда ижарага алып өкмөт иштетсин. Жолдорун тапса болот да. Иштетпей жаткан жеке менчик жерлерди алабыз деген ченем менен мыйзам долбоору келсе, каршы пикир менен кайтарам", - деди Жапаров.
Ошондой эле мамлекет башчысы жеке менчик жер ээлерине кайрылган.
"Бир квадрат метр жерди да бош калтырбагыла. Буудай, арпа, картошка сыяктуу айыл чарба багытындагы тамак-аш боло турган эгин-тегиндерди сепкиле. Импорттон көз каранды болбойлу. Өзүбүздү өзүбүз камсыз кылганга аракет кылалы. Өкмөттүн максаты деле ушул. Силердин жерлерди тартып алып өкмөттү байыталы деген максаты жок", - деди ал.
Белгилей кетсек, 13-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Жер кодексинин" жаңы редакциясы үчүнчү окууда кабыл алынган.
Мыйзам долбоору парламентте талаш-талкуу жараткан. Чолпон Султанбекова баштаган 5-6 депутат мыйзам долбоорунда көптөгөн кемчиликтер бар экенин, 13 депутаттын буга чейин берген сунуштары эске алынбагандыгын айтып, долбоорду кайра экинчи окууга кайтарып, жакшылап иштеп чыгууну сунуштаган.
Депутат Дастан Бекешев кодексте талаштуу эки жобо бар экенин белгилеген. Алардын бири дача конуштарын калктуу конуштарга кошууга байланыштуу болсо, экинчиси инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жарандардын жерлерин мамлекет алып коё турган эреже экенин айткан. Анын айтымында, бул кийин жарандардын укуктарынын одоно бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон кооптуу норма.
Мыйзам долбооруна 68 депутат макул, 6 эл өкүлү каршы добуш берген. Эми ал кол коюу үчүн президентке жөнөтүлөт.