Афтандил Сабырбеков менен анын агасы Тариэл Сабырбековдун камактагы мөөнөтү 3-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 3-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунан ырастады.
Маалыматка ылайык, алардын баш коргоо чарасын райондук сот 1-октябрда караган.
Белгилей кетсек, айрым маалымат каражаттары Афтандил Сабырбеков синтетикалык баңгизат сатууга шектелип милиция кызматкерлери тарабынан 5-июлда кармалганын жазып чыгышкан.
Ал укук коргоо органдары тарабынан кармалганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 10-июлда ырастаган. Көп өтпөй Афтандил Сабырбековдун агасы да кармалганы белгилүү болгон.
Анын 25-июнда президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын колун сураган видеосу социалдык тармактарга тараган. Бул коомчулуктун сынына кабылып, айрымдары аша чапкандык экенин айтышкан. Талкуу жараткан окуядан кийин Садыр Жапаров өз пикир билдирип, болочок күйөө баласы жаштык кылганын айткан.