Бишкекте Lexus 470 унаасынын катышуусунда үрөй учурган кырсык катталды (видео)

Бишкекте 11-класстын окуучусу Лексус унаасы менен бала бакчанын тосмосун сүзүп, 10 жаштагы кызды өлтүрө сүзгөн. Бул тууралуу маалыматты Милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.

Кырсык бүгүн, 4-октябрда Арча-Бешик жаңы конушунда болгон.

Маалым болгондой, 2008-жылы туулган айдоочу О.А. Эр-Тайлак көчөсүндө атасынын Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасын уруксатсыз айдап, жеке менчик бала бакчанын тосмосун сүзгөн. Натыйжада 10 жаштагы жаш өспүрүм ошол жерден каза болгон.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

04.10.2024
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан