Азербайжандын президенти Илхам Алиев Батыштагы кээ бир күчтөр Арменияны Түштүк Кавказда жаңы согушка үндөп жатканын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Алиев 2020-жылдын күзүндө болгон Экинчи Карабах согушу жана 2023-жылдын күзүндөгү антитеррордук операция Армениянын "туура кадамдарды" баштоосу үчүн жетиштүү фактор болгонун айтты.
"Бирок эстен чыгарбоо керек болгон маселе бар. Мындай абалга чыдагысы келбеген анти-азербайжандык күчтөр, исламофобдор, азербайжанофобдор кээ бир батыш борборлорунда отургандар бүгүн Арменияны жаңы согушка түртүп жатышат", - деп белгиледи Азербайжандын президенти.
Эске салсак, 2023-жылдын 19-сентябрында Азербайжан Тоолуу Карабахта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында “жергиликтүү антитеррордук чаралар” башталганынжарыялаган.
2023-жылдын 20-сентябрында Тоолуу Карабах ок атууну токтотуу жана куралдарын таштай турганын билдирип, Азербайжан бийлигин республикада “борбордук” деп эсептей турганын жана Баку менен конструктивдүү диалог курууга ниеттенип жатканын маалымдаган.
2023-жылдвн 21-сентябрында Евлах шаарында Азербайжан бийлиги менен Карабахтагы армян өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, реинтеграция маселелерин талкуулашкан. Алиевдин өкүлү Элчин Амирбеков Sky News Arabia басылмасына берген маегинде, эки тараптын ортосундагы көйгөйлөр бир жолугушууда эле чечилип калбай турганын билдирсе, Карабахтагы армян өкүлдөрү Баку менен жыйынтыкталган келишим болбогонун жана айрым деталдарды макулдашуу керек экенин маалымдаган.
Ал эми 2024-жылдын 28-сентябрда таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын президенти Самвел Шахраманян 2024-жылдын 1-январынан тарта өлкөнү жокко чыгаруу буйругуна кол койгон.