Казакстанда Аида Багышбекова менен Нурдаулет Төлөпбергендин тою болду (видео)

Казакстанда Ырчы Аида Багышбекова менен блогер Нурдаулет Төлөпбергендин үйлөнүү үлпөт тою болуп өттү. Бул тууралуу алар Инстаграм баракчасында сүрөт, видео менен бөлүштү.

"Биз бактылуубуз! Бардык колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык", - деп билдирүү калтырган алар.

Жаш жубайлардын тою кечээ, 14-ноябрда Казакстандагы "Косулайык" телеберүүсүндө өткөн. Ага эки тараптын ата-энеси, жакындары жана аталган долбоордун катышуучулары катышкан.

Белгилей кетсек, Аида менен Нурдаулет "Косулайык" телеберүүсүнөн таанышкан.

Буга чейин Нурдаулет Аиданы ала качып кеткенин айтып, 22-октябрда видео жүктөгөн. Ал эми кыз макулдугун бергенин билдирген.

Аида Багышбекова менен Нурдаулет Төлөпбергендин тоюу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан