Кечээ, 15-ноябрда Абхазияда парламенттин жана президенттин имаратын басып алган демонстранттар бийликке талаптарын билдиришти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, оппозиция президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Ошондой эле апта башында Абхазиянын парламенти Орусиянын ортосунда кабыл алынган инвестициялык келишимди жокко чыгаруу. Оппозиция жана митингчилер "бул келишим республиканы суверендүүлүгүнөн ажыратат" деп билдиришүүдө.
Мындан тышкары Абхазиянын президенти Аслан Бжания отставкага кетпей тургандыгын билдирип, күч түзүмдөрү менен жыйын өткөргөн. Анда өлкөдөгү тынчтык маселеси каралган.
Ошондой эле президент Орусия менен инвестициялык ишмердүүлүк боюнча келишимдин жоктугу республика үчүн тобокелчиликтерди алып келерин баса белгилеген. Ал эми парламенттин эл аралык мамилелер боюнча комитетинин башчысы Алхас Барциц Абхазия экономикасынын негизги багыттарын калыбына келтирүү үчүн өз алдынча каражат таба албасын билдирди.
Белгилей кетсек, 11-ноябрда Абхазияда оппозициянын өкүлдөрүн Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери кармап кеткенден кийин массалык башаламандыктар башталган.
Мындан улам өлкө башчысы Аслан Бжания оппозициянын нааразылык акцияларына байланыштуу мекендештерине кайрылуу жасаган.