Абхазиянын президенти Аслан Бжания оппозициянын өкүлдөрү мамлекеттик имараттарды бошоткондон кийин кызматтан кетерин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Төңкөрүш жасоого аракет кылгандар мамлекетти имараттарды бошотушу керек. Андан кийин мен шайлоону дайындоого жана отставкага кетүүгө даярмын. Бийликке жабышып жаткан жерим жок", - деп билдирген Бжания.
Ошондой эле ал президенттик шайлоо дайындалса кийинки мөөнөткө барууга талапкерлигин көрсөтө тургандыгын билдирген.
Бул арада президенттин жана өкмөттүн административдик имараттарын митингчилер бошотуп, күч түзүмдөрүнүн техникаларын кайтарып берип жаткандыгын басылмалар маалымдашты.
Белгилей кетсек, 11-ноябрда Абхазияда оппозициянын өкүлдөрүн Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери кармап кеткенден кийин массалык башаламандыктар башталган.
Мындан улам өлкө башчысы Аслан Бжания оппозициянын нааразылык акцияларына байланыштуу мекендештерине кайрылуу жасаган.
Ага карабастан башаламдыктын уюштуруучулары президенттин жана өкмөттүн имараттарын басып алып, өлкө башчысын кызматтан кетишин талап кылышкан.