Байден биринчи жолу Украинага Орусияга каршы алыска учуучу ракетаны колдонууга уруксат берди

Байден биринчи жолу Украинага Орусиянын аймагында алыс аралыкка учуучу ATACMS ракеталарын колдонууга уруксат берди. Бул тууралуу New York Times басылмасы билдирди.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Киев жакынкы күндөрү алгачкы чабуулдарын пландаштырууда. Ак үй расмий түрдө эч нерсеге комментарий бере элек, АКШнын президенти өзү да.

The New York Times гезити Байдендин командасындагы тынчсыздануулар жөнүндө жазат. Ыктымалдуу соккулар Орусияны Вашингтонго жана анын союздаштарына каршы катуу жооп кайтарууга түртүшү мүмкүн.

Батыштын маалымат каражаттары да Франция менен Улуу Британия алыскы аралыкка атуучу куралдарын колдонууга уруксат бергенин ырасташууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан