Кечээ, 18-ноябрда Абхазияда өкмөт өкүлдөрү менен оппозициянын көп саатка созулган сүйлөшүүлөрүнөн кийин республиканын президенти Аслан Бжания кызматтан кетүү тууралуу катка кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ал өлкөдө стабилдүүлүктү жана конституциялык түзүлүштү сактоо максатында Абхазиянын Конституциясынын 65-беренесине ылайык, кызмат ордунан кетүү тууралуу арызын жазган.
"Кол коюлган документке ылайык, өкмөттүк имараттардын аймагына жана комплексинин ичине чогулган митингчилер 19-ноябрда тарап кетиши керек. Эгерде бул пункт аткарылбаса, президент Бжания отставкага кетүү арызын кайтарып алат", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми республиканын вице-президенти Бадра Гунба Абхазиянын президентинин милдетин аткаруучу болуп калат.
Белгилей кетсек, 11-ноябрда Абхазияда оппозициянын өкүлдөрүн Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери кармап кеткенден кийин массалык башаламандыктар башталган.
Мындан улам өлкө башчысы Аслан Бжания оппозициянын нааразылык акцияларына байланыштуу мекендештерине кайрылуу жасаган.
Ага карабастан башаламдыктын уюштуруучулары президенттин жана өкмөттүн имараттарын басып алып, өлкө башчысын кызматтан кетишин талап кылышкан.