Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы теректерди кыюу иштери мэрия кызматкерлери тарабынан башталды.
Теректерди кыюу иштери бүгүн, 25-ноябрда Ажыбек баатыр көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектиси менен жогору көздөй башталды. Учурда Бишкек мэриясынын кызматкерлери теректерди кыйып жатышат.
Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы теректерди кыйып, ордуна башкасын отургузууну көздөп жатканы буга чейин айтылган. Мэрия теректердин көпчүлүгүнө 50-60 жыл болгонун, көбү картайып кооптуу болуп калганын айткан.
Биринчи этап менен 200 бакты кыюу пландалууда.
Мэрия кыйылган теректердин ордуна чынар же клён жалбырактуу дарак тигиши мүмкүн.