
Улуттук онкология жана гематология борборуна директор болуп
Нурбек Букуев дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Бүгүн, 3-декабрда жаңы жетекчини эмгек жамаатка саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тааныштырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө министр борборду онкологиялык жана гематологиялык ооруларды дарылоого адистешкен өлкөдөгү негизги медициналык мекемелердин бири катары мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Министр Букуевдин жетекчилиги астында дарылоонун алдыңкы ыкмаларын киргизип, бейтаптарга жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлөрүнө ишеним билдирди.
Эске салсак, аталган кызматта буга чейин
Бактыгүл Султангазиева иштеген. Ал 6-ноябрда кызматынан бошотулганы
кабарланган.