Парламенттин дагы үч комитети дин боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин үч - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети "Дин чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорлорун биринчи окууда колдоду.

Аталган мыйзам долбоору тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов маалымат берди. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты жарандардын жана диний бирикмелердин ишиндеги укуктарын жана жоопкерчиликтерин ишке ашыруу жана диний чөйрөдөгү мыйзам актыларын "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" мыйзамга ылайык келтирүү болуп саналат.

Мындан сырткары чет өлкөдөгү деструктивдүү диний окуунун таасиринин алдын алуу жана ага жол бербөө, ошондой эле билим алуучулардын статистикасын жүргүзүү максатында чет өлкөдө диний билим алууну каалаган адамдар өздөрүнүн өлкөдөн чыгуусун Дин комиссиясы жана тиешелүү диний уюмдун борбордук башкаруу органы менен макулдашуусу керек. Жогорудагы талаптарды аткарбаган учурда, билим алуучунун диний окууну аяктагандыгын тастыктаган документ Кыргызстандын аймагында жараксыз деп эсептелет.

Ушул эле документти кечээ парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети да биринчи окууда жактырган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 30-августта Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун талкууга койгон. Коомдо бул документке байланыштуу талаш-тартыш болуп, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан