Түштүк Корея полициясынын башкы комиссары кармалды

Түштүк Кореянын Улуттук полиция агенттигинин башкы комиссары Чо Чжи Хо менен шаардык полициянын башчысы Ким Бон Сик өткөн аптада аскердик абалдын киргизилишине байланыштуу камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, алар шаршемби күнү эртең менен кармалышкан. Укук коргоо органдары Чо Чжи Хо менен Ким Бон Сик депутаттарга аскердик абалды алып салуу боюнча добуш берүүгө тоскоолдук кылуу үчүн Улуттук ассамблеяны курчоого көрсөтмө беришкен деп эсептешет.

Эске салсак, 3-декабрь күнү кечинде Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган. Көп өтпөй депутаттар аскердик абалды алып салууга добуш беришкен.

Окуядан кийин президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо маселеси каралып, ал колдоо тапкан эмес. Өлкөнүн Юстиция министрлиги козголгон кылмыш ишине байланыштуу президентти өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Ал эми аскердик абал жарыялоону сунуш кылган Коргоо министри Ким Ён Хён камакка алынган. Корея полициясы бул ишке байланыштуу мурдагы премьер-министр Хан Док Су баш болгон 10 министрди суракка чакырганы дагы белгилүү болгон.

Ал эми парламент өлкөдө аскердик абалдын жарыялануусуна байланыштуу айыптарды иликтөө үчүн атайын прокурорду талап кылган мыйзам долбоорун кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан