Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлдун кеңсесинде жана Улуттук полиция агенттиги менен Сеул полициясынын имаратында тинтүү иштери жүрүп жатканын Yonhap маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, тинтүү иштерин 3-декабрда өлкөдө аскердик абалдын киргизилишин иликтөө боюнча атайын тергөө тобу жүргүзүп жатат. Азырынча жыйынтыгы чыга элек. Ошондой эле тергөөчүлөр келгенде мамлекет башчысы кеңседе болбогону дагы айтылууда.
Буга чейин Улуттук полиция агенттигинин башкы комиссары менен шаардык полициянын башчысы камакка алынганы белгилүү болгон.
Белгилей кетсек, Корея парламенти өлкөдө аскердик абалдын жарыялануусуна байланыштуу айыптарды иликтөө үчүн атайын прокурорду талап кылган мыйзам долбоорун кабыл алган.
3-декабрь күнү кечинде Түштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялагандан кийин Сеулда башаламандык башталган. Көп өтпөй депутаттар аскердик абалды алып салууга добуш беришкен.
Окуядан кийин президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо маселеси каралып, ал колдоо тапкан эмес. Өлкөнүн Юстиция министрлиги козголгон кылмыш ишине байланыштуу президентти өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Ал эми аскердик абал жарыялоону сунуш кылган коргоо министри Ким Ён Хён камакка алынган. Корея полициясы бул ишке байланыштуу мурдагы премьер-министр Хан Док Су баш болгон 10 министрди суракка чакырганы дагы белгилүү болгон.