Бишкек шаарына түркиялык Isuzu өндүрүүчүсүнүн суюлтулган газ менен жүргөн жаңы заманбап автобустары келди. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жалпы 68 автобустун келиши күтүлүүдө. Бүгүн 14 автобус келди, калган 54 даананы этап менен жеткирүү пландалууда.
Келген автобустар жакын арада каттамга чыгат. Жаңы 12 метрлик автобуста 21 орундук болуп, жалпы 85 жүргүнчүнүгө чейин батыра алат. Алар кондиционер, майыптыгы бар адамдар үчүн пандустар менен жабдылган. Майыптар коляскасы үчүн атайын орун каралган.
Автобустарды сатып алуу Германиянын KfW өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.