Үч баласы менен инфекциялык ооруканада жаткан аял медициналык мекеменин санитардык абалына нааразы болуп, социалдык тармакка билдирүү жарыялады.
Анын айтымында, алар палатага эмес, оорукананын коридоруна жайгаштырылган. Ошондой эле 15-бөлүмдөгү даараткана жана жуунучу жайдын абалы начар экенин, бөлмөлөрдө таракандар жүргөнүн билдирген.
"Биз кымбат шарттарды сурабайбыз. Тазалыкты, талапка жооп берген дааратканаларды, палаталарды жана балдарыбыз үчүн элементардык коопсуздукту гана каалайбыз. Адамдардын ден соолугу мамлекеттик милдеттердин артыкчылыктуу багыты болушу керек",- деп жазган ал.