Түркиянын Измир провинциясындагы металлургиялык заводдо жарылуу болуп, бир адам каза таап, 15 киши жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып ТАСС агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, жарылуу көмүр кычкыл газын толтуруучу цехтеги меште болгон. Андан соң өрт чыгып, окуя болгон жерге тиешелүү кызматтар жөнөтүлгөн.
Окуянын чоо-жайы такталууда.