Биз социалдык тармакта

Жардамга муктаждар үчүн баш калкалоочу жайлар ачылды

Бишкек шаарында күз-кыш мезгилинде туруктуу жашаган жери жок жарандар, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балалуу аялдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштеп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Алардын даректери:

Октябрь районунда 2026-жылдын ноябрь айынан тартып Токомбаев көчөсү, 12-кичи район, 1а дареги боюнча убактылуу баш калкалоочу жай ачылды. Мекеме 80 адамга ылайыкталган жана 2027-жылдын 1-апрелине чейин иштейт.

Ленин районунда Трудовая көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан "Боорукерлик борбору" коомдук фондунун базасында турмуштук оор кырдаалга кабылган балалуу аялдар үчүн баш калкалоочу жай ачылды. Мекеме 40 адамга ылайыкталган.

Биринчи Май районунда Жибек-Жолу проспекти, 413 дарегинде жайгашкан "Коломто" муниципалдык мекемеси туруктуу негизде иш алып барат. Мекеме 70 адамга ылайыкталган. Ошол эле учурда, бул жерде күн сайын туруктуу жашаган жери жок 70тен 100гө чейин адамга ылайыкталаган

"Мекемеде убактылуу түнөк жай жана акысыз, бир жолку тамак-аш берилип турат. Ошондой эле мекеменин кызматтарына медициналык кароодон өткөрүү, анын ичинде - флюорографиядан өткөрүү, инфекцияларга кан анализин алуу, ошондой эле алгачкы санитардык тазалоо кирет. Белгилей кетсек, жардамга муктаж жарандар тиешелүү мекемелерге өз алдынча кайрыла алышат. Зарыл болгон учурда аларды баш калкалоочу жайларга кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери жана тез жардам бригадалары да жеткиришет",- деп кошумчалады мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан