Жалолидин Нурбаев даават боюнча өзгөртүүлөрдү кайра карап чыгуу керек экенин айтты 

Бүгүн, 12-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси каралат. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө дин таратуу үчүн үймө-үй кыдырууга тыюу салынат жана бир нече өзгөртүүлөр кирет.

Ал эми жыйында депутат Жалолидин Нурбаев элди исламга тартуу үчүн үймө-үй кыдырууга уруксат берген жобону мыйзам долбоорунда калтырууну суранды.

"Бул маселени өтө кылдат маани берип кароо керек. Элдин арасында, биздин шайлоочулардын арасында нааразычылыктар көп болууда. Биз көп нерсеге тыюу салып коюп жатабыз. Балдарыбызга ыйман маселесин үйрөтө турган кээ бир маселелерге четөө киргизип коюп жатабыз. Муну дин менен эмес, мыйзам менен деле иретке келтирсе болот", - деди депутат.

Белгилей кетсек, 8-ноябрда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн диний ишмерлер менен жыйын өкөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан