Түштүк Кореянын парламенти юстиция министри Пак Сон Чжэ менен полициянын башкы комиссары Чо Чжи Хого импичмент жарыялады. Бул тууралуу YTN телеканалы билдирди.
Маалыматка караганда, 3-декабрдын кечинде өлкөгө аскердик абалдын киргизилишине байланыштуу министрге импичмент жарыялоого катышкан 295 депутаттын 195и "макул", 100ү "каршы" добуш берген. Ал эми полиция башчысына импичмент жарыялоого 295 эл өкүлүнүн 202си добуш берсе, 88и каршы болгон.
Буга чейин полициясынын башкы комиссары Чо Чжи Хо камакка алынганы белгилүү болгон.
Эске салсак, Корея парламентинде өлкө президенти Юн Сок Ёлго дагы импичмент жарыялоо маселеси каралып, бирок ал колдоо тапкан эмес. Бирок оппозиция 14-декабрда Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо сунушун кайрадан парламентте добуш берүүгө коюуну көздөп жатканы айтылууда.