Бүгүн, 16-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин бош калган депутаттык мандатын “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Жайлообай Нышановго өткөрүп бергенин маалымдады.
Маалымдалгандай, Нышанов депутат болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди. Ал бүгүн өз арызынын негизинде мандатынан ажыратылган партиялашы Чынберди Төлөновдун ордуна келди.
Жайлообай Нышанов 1968-жылы 1-сентябрда Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1988-1989-жылдары Каныш-Кыя совхозунда жумушчу болуп иштөөдөн баштап, 1995-жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип келаткан.
Төлөнов былтыр 21-ноябрда депутаттык мандатка ээ болуп, кызматка киришкен. Ал жасалма диплом чырынан кийин мандатынан ажыратылган партиялашы Фархат Исмаиловдун ордуна келген.