Бүгүн, 21-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин бош калган депутаттык мандатын “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Чынберди Төлөновго өткөрүп бергенин маалымдады.
Ага ылайык, Төлөнов депутат болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди. Ал жасалма диплом чырынан кийин мандатынан ажыратылган партиялашы Фархат Исмаиловдун ордуна келди.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов ("Ата Журт Кыргызстан" фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду ("Альянс" фракциясы) жасалма диплом алган деген негиз менен мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган.
Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес.
Бишкек шаардык соту 3-августта Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратуу боюнча биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
30-октябрда Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.