Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты мандатын тапшырды

Бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештеги “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты Чынберди Төлөнов өз каалоосу менен мандатын тапшырды. Борбордук шайлоо комиссиясы анын ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Анын эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз. Өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Төлөнов былтыр 21-ноябрда депутаттык мандатка ээ болуп, кызматка киришкен. Ал жасалма диплом чырынан кийин мандатынан ажыратылган партиялашы Фархат Исмаиловдун ордуна келген.

Бул чакырылышта ушул күнгө чейин 20 чакты депутат ар кандай жагдайда мандатын тапшырды. Быйыл күзүндө эле жетинчи чакырылыштын IV сессиясында парламентке 6 жаңы депутат келип ант берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан