Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, cүрөткө, видеого тартып, аларды каралоо максатында материалдарды интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоору 2-окууда каралып, өтпөй калды.
Талкуу учурунда Дастан Бекешев документтеги кызматтык милдетин аткарып жаткандардын коопсуздугуна коркунуч жараткандарды 50 миңден 200 миң сомго чейин айып пулга жыгуу, же 5 жылдан 7 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу нормасына каршы экенин билдирди.
Ал эми Бактыяр Калпаев мыйзам кабыл алына электе эле Кайгуул кызматынын кызматкерлери жарандардын видеого тартуусуна тыюу салып жаткан учурлар болуп жатканын, юридикалык билими бар укук коргоо органдары сунушталып жаткан мыйзамсыз деле өз укуктарын коргой аларын белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү коомчулук мыйзамга каршы экенин айтып, мыйзам долбоорун артка кайтарып алууга чакырды.
"Адамдар бир нерсе болсо өздөрүн коргоо үчүн видео тартышат. Бул деген элдин укугу. Кысым көрсөтүү, айып пулдар жана камоолор жакшы жыйынтыкка алып келбейт", - деди Калпаев.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Сүйүнбек Өмүрзаков мыйзам жарандарга милиция кызматкерлери катышкан мыйзамсыз иштерди тартууга жол берерин, болгону аларды каралоо максатында тартылган видеону монтаждап, аны интернетке тараткандарга гана жаза чегерерин белгиледи.
Жыйынтыгында документке 44 депутат "макул" деп добуш берсе, 6 эл өкүлү "каршы" добуш берди.
Буга чейин аталган мыйзам долбоору парламенттин 30-октябрдагы отурумунда айтылган сын-пикирлерден улам күн тартибинен алынып калган. Анда дагы бир катар эл өкүлдөрү каршы пикирлерин айткан. Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев мыйзамга көптөр каршы болуп жатканын айтып, жыйындын күн тартибинен алып салууну сунуштаган жана анын сунушу колдоо тапкан болчу.
Кийинчерээк бул мыйзам кайра Жогорку Кеңештин 28-ноябрдагы жыйынына киргизилип, биринчи окуудан өткөн.
Белгилей кетсек, сунушталган мыйзам боюнча кызматтык милдетин аткарып жаткандардын коопсуздугуна коркунуч жараткандар 50 миңден 200 миң сомго чейин айып пул төлөйт, же 7 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат жана интернетке мамлекеттик кызматкерлердин кадыр-баркына шек келтирген сүрөт, видеолорду жайгаштыргандар 5 миң сом айыпка жыгылат же 5 суткадан 7суткага чейин камалат.