Дамасктагы бийлик алмашуу: Түркияга качкан 25 миң сириялык жаран кайра өлкөсүнө кайтты

Дамаскта бийлик алмашкандан кийин 25 миңден ашуун сириялык качкын Түркиядан мекенине кайтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Түркиянын Ички иштер министринин билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.

"8-декабрдан бери 25 миңден ашуун качкын мекенине кайтып кетти. Акыркы маалыматтарга караганда, Түркияда мыйзамдуу түрдө жүргөн 4,1 миллион чет элдиктин 2 миллион 920 миңи сириялыктар", - деген ал.

Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Сирияда Башар Асаддын режиминин кулашы качкындардын кайтып кетүүсүнө жол ачканын белгилеп, түрк бийлиги алардын аман-эсен кайтышын камсыздаган зарыл иштерди аткарарын билдирген. Ал арада эки өлкөнүн чек ара өткөрмө пунктунда мекенине кайтып жаткан сириялыктардын кезеги жаралганы айтылган.

Түрк парламентинде оппозициялык "Жакшы" партиясынын төрагасы Мусават Дервишоглу 240 миңге жакын сириялыктын түрк паспортторун жокко чыгарууну сунуштаган. Ал эми качкындардын бул жакта калуусунда эч кандай себеп жок экенин айткан.

Hurriyet гезитинин жазганына караганда, Түркияда 2 миллион 938 миң сириялык качкын жашайт.

Белгилей кетсек, 27-ноябрда куралдуу козголоңчулар Сирия армиясынын Алеппо жана Идлиб провинцияларындагы тутумдарына каршы кеңири масштабдагы чабуулун баштаган. 7-декабрда алар бир нече ири шаарларды (Алеппо, Хама, Дараа жана Хомс) басып алышкан жана 8-декабрда борбор калаа Дамаскка чейин кирип келишип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесинен Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын жарыялашкан. Ал эми Асад учурда Орусияда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан