Сириялык качкындар Түркиядан мекенине кайта башташты

Сириялык качкындар Түркиядан массалык түрдө мекенине кайта башташты. Бул тууралуу TV 100 телеканалынын маалымдады.

Маалыматка караганда, Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясындагы Чильвегезю өткөрмө бекетинде мекенине кайтып жаткан качкындардын кезеги жаралган. Анкара негизги өтмөктөгү жүктү азайтуу жана чек арадан өтүүнү жөнөкөйлөтүү үчүн өткөрүү пунктунан беш чакырым алыстыкта ​​атайын көзөмөл пунктун уюштурган.

"Дүйшөмбүнүн таңынан бери кезекке бир нече жүздөй адам турду. Бирок түшкө маал агым бир топ азайды", - деп айтылат маалыматта.

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан дүйшөмбү күнү Асаддын режиминин кулашы качкындардын кайтып кетүүсүнө жол ачканын белгилеп, түрк бийлиги алардын аман-эсен кайтышын камсыздаган зарыл иштерди аткарарын билдирген. Hurriyet гезитинин жазганына караганда, Түркияда 2 миллион 938 миң сириялык качкын жашайт.

Буга чейин Reuters агенттиги Түркия жарым жыл мурун Сирияда бийликти басып алган козголоңчулардын планынан кабардар болгонун жазып чыккан. Козголоңчуларды жетектеген "Хайят Тахрир аш-Шам" исламчыл тобу менен бирге Ассаддын режимин кулатууга Анкара колдоп келген кошуундар (алар өзүлөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат) дагы катышкан. Согушчандар бүгүн күрттөрдүн карамагындагы Манбидж шаарын толугу менен басып алганы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, 27-ноябрда куралдуу козголоңчулар Сирия армиясынын Алеппо жана Идлиб провинцияларындагы тутумдарына каршы кеңири масштабдагы чабуулун баштаган. 7-декабрда алар бир нече ири шаарларды (Алеппо, Хама, Дараа жана Хомс) басып алышкан жана борбор калаа Дамаскка чейин кирип келишип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесинен Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын жарыялашкан. Сириянын өкмөт башчысы Мухаммад Гази аль-Жалали бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө даяр экендигин билдирген. Ал эми президент Башар Асад өлкөдөн чыгып кетип, Орусиядан башпаанек алганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан