"Azerbaijan Airlines" (AZAL) авиакомпаниясы Актаудагы учак кырсыгында каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөп берет. Бул тууралуу авиакомпаниянын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, ар бир жабырлануучуга 20 миң манат (болжол менен 11,7 миң доллар) өлчөмүндө компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынды.
"Каза болгон жарандардын ар биринин үй-бүлөсүнө 40 миң манаттан (23,5 миң доллардан ашык) жардам көрсөтүлөт. Бардык жүргүнчүлөр Азербайжандын мыйзамдарына жана эл аралык практикага ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн алышат", - деп белгиленет анда.
Эскерте кетсек, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта кулап түшкөн. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Анын ичинен 37си Азербайжандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.
Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган.
Белгилүү болгондой, кыргызстандык жарандардын баары кыйроодон аман калышканы маалымдалган.