Алагөзов Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандын жарандары боюнча маалымат берди

Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандын жараны Ринат Асановду өлкөгө алып келүүгө учак даяр. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, кырсыктан жабыркаган Асановдун учурдагы абалы оор болгондуктан учакта алып келүү кооптуу. Ошондуктан азырынча жергиликтүү ооруканада дарыланууда.

Дарыгерлер уруксат бергенден кийин учак менен алып келишет. Ал эми калган эки жарандын абалы канааттандырарлык жана дүйшөмбү күнү ооруканадан чыгарылышат.

Алагөзов бул туурасында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровго Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган жарандар боюнча маалымат бергенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан