Орусиянын президенти Владимир Путин 29-декабрда Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Азербайжандын президентинин басма сөз кызматы маалымдады.
"Телефон аркылуу сүйлөшүүдө мамлекет башчылары "Азербайжан аба жолдору" жабык акционердик коомунун жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу маселелерди талкуулоону улантышты", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 28-декабрда Путин Алиев менен сүйлөшүү учурунда Azaerbaijan Airlines учагы менен болгон трагедиялуу окуя Орусиянын аба мейкиндигинде болгондугу үчүн кечирим сураган.
29-декабрда Алиев улуттук телеканалга маек куруп, Актауга жакын жерде кыйраган учак трагедиясы боюнча комментарий берген. Ал Орусия кечирим сурап, күнөөлүүлөрдү жазалап, Азербайжан мамлекетине жана жабыркаган жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрүнө компенсация төлөшү керектигин айткан.
Ошондой эле Актаудагы каргашага байланыштуу олуттуу суроолору бар экенин белгилеген.