Азербайжандын президенти Илхам Алиев азербайжан телеканалына берген маегинде Актауда AZAL учагынын кыйрашына байланыштуу бир катар себептерди ачыктады.
"Албетте, акыркы версия кара кутулар ачылгандан кийин белгилүү болот. Бирок баштапкы версиялар да бир топ негиздүү жана фактыларга негизделген. Ал эми фактылар азербайжандык жарандык учак Орусиянын аймагында, Грозный шаарына жакын жерде сырттан зыянга учурап, башкарууну дээрлик жоготкон. Биз ошондой эле биздин учак "радиоэлектрондук күрөш" бөлүктөрү (войска РЭБ (радиоэлектронной борьбы)) тарабынан башкарылбай калганын билебиз. Бул учакка келтирилген биринчи зыян", - деп белгиледи Алиев.
Президент ошондой эле жерден атылган октун натыйжасында учактын куйрук бөлүгү катуу жабыркаганын айтты.
"Кайра кайталайм, кара кутулар ачылып, биз толук маалымат алгандан кийин бардык деталдар ачыкталып, бүгүнкү күндө дагы эле суроолорду жаратып жаткан көптөгөн жагдайлар ачыкка чыгат. Мисалы, эмне үчүн учак Грозный шаарына коно алган жок?Радиоэлектрондук күрөш бөлүктөрү учакты башкарууга канчалык деңгээлде таасирин тийгизди? Абадагы соккунун жана учактын жанындагы жарылуунун таасири канчалык эффективдүү болду? Себеби, бул ачык фактыны тануу жана аны бул иште жашыруу аракети абсурд да, келесоолук да экенин белгилей кетүүм керек", - деди мамлекет башчысы.
Эскерте кетсек, 25-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да Бакудан Грозныйга учуп келе жаткан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау шаарынан үч чакырым алыстыкта кулап түшкөн. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Анын ичинен 37си Азербайжандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.
Учактагы 38 жүргүнчү каза болуп, 29 жаран, анын ичинен үчөөсү жаш балдар бейтапканага түрдүү жаракаттар менен жеткирилгендиги айтылган. Кыргызстандык жарандардын баары кыйроодон аман калышкан.