Тибетте катуу жер титирөө болуп, 32 адам набыт кетти

Кытайдын түштүк-батышындагы Тибет автономиялуу районунда күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болуп, 32 адам каза болгонун чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга караганда, силкинүү бүгүн, 7-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:05те болгон. Кырсыктан каза болгондордон тышкары дагы 38 адам жабыркап, миңден ашуун үй ураганы айтылат.

Учурда жеринде издөө жана куткаруу иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан