Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Актаудагы учак кырсыгынан аман калган Ринат менен жолукту (видео)

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Улуттук госпиталга барып, Казакстандагы учак кырсыгынан аман калган үчүнчү кыргызстандык Ринат Асановду көрүп кайтты. Ал өз социалдык баракчасына видео киргизип, "экинчи өмүр берилген Ринат тирүү жана дени сак" деген билдирүү калтырган.

Ошондой эле ишмер Ринат менен баарлашып, жалпы мекендештеринин саламын жеткирди. Өз кезегинде учак кырсыгынан аман калган жигит жашоосун 5 маал намаз окуудан баштай тургандыгын билдирген.

Ал эми дарыгерлер бейтапка операция жасалып, учурда анын абалы турукташканын кабарлашты.

Мындан тышкары Ассоль Молдокматова Казакстандын куткаруучуларына жана дарыгерлерине ыраазычылыгын билдирди.

Айта кетсек, буга чейин Актаудагы учак кырсыгынан аман калган эки кыргызстандык үйлөрүнө чыгарылган.

Белгилей кетсек, 25-декабрда Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан учагы Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөн. Анын ичиндеги 67 кишинин 38и каза болуп, 29у аман калган. Алардын арасында үч кыргызстандык болгон.

Учак кырсыгында жаракат алган үч кыргызстандык: Эрлан Жунусалиев, Тилек Осмонов жана Ринат Асанов 30-декабрга караган түнү Казакстандан Бишкекке алып келинген.

Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Актаудагы учак кырсыгынан аман калган Ринат менен жолукту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан