Трамп АКШнын Батыш жарым шарындагы таасирин күчөтүү үчүн Гренландияны сатып алууну каалайт

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Гренландияны алуу, анын ичинде Кошмо Штаттарынын Батыш жарым шардагы таасирин күчөтүү маселесине олуттуу карайт. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымат булактарына таянып жазып чыкты.

Агенттикке маалымат бергендердин бири Трамп Гренландияны алуу үчүн аскерий күчкө барышы күмөн экенин айткан. Анткен менен ЖМКнын маалымат булактары Трамп Данияга дипломатиялык же экономикалык кысым көрсөтүү сыяктуу башка ыкмаларды колдонууну пландап жатканын билдиришкен. Reuters агенттигине алардын бири 5-ноябрдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткенден кийин Трамптын командасы түзгөн тышкы саясаттын пландарынын тизмесин көргөнүн, пункттардын биринде аралды сатып алуу каралганын ырастаган.

Дагы бири Трамп Кошмо Штаттардын аймагын кенейтүүгө кызыкдар экенин айткан. Агенттик ал Трамп өзүнүн биринчи мөөнөтүндө Гренландияга ээ болууга кызыкдар экенин ишарат кылганын эске салып, анын азыркы билдирүүлөрү каалоосу өтүп кеткен кыял эмес, терең умтулуу экенин баса белгилегенин жазат.

Буга чейин Дональд Трамп Флоридадагы маалымат жыйынында Панама каналы менен Гренландияны көзөмөлгө алуу үчүн экономикалык же аскердик күч колдонуу мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес. Өткөн жылдын аягында ал Даниянын курамына кирген арал Америка Кошмо Штаттарынын менчигине өтүшү керек деген пикирин билдирген. Көп өтпөй Гренландиянын премьер-министри Муте Эгеде Трампка жооп кылып, арал эч качан сатылбастыгын айткан болчу.

Белгилей кетсек, Трамптын 2019-жылдагы биринчи президенттик мөөнөтүндө америкалык маалымат каражаттары анын Гренландияны алуу мүмкүнчүлүгүнө кызыкдар экенин жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан