Актаудан Каппадокияга барган казак боордоштор: "Сезимдерди сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес"

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Маданият кеңешчилиги тарабынан уюштурулган пресс-турдун алкагында, кыргыз журналисттери Каппадокиянын эң белгилүү туристтик жайлардын бири болгон Үч сулуудан (түркчө: Üç Güzeller) Казакстандын Актау шаарынан келген эс алууга келген туристтерди кезиктирдик.

Боордош өлкөдөн келген жаш жубайлар Саламат менен Асем Каппадокиянын ажайып табиятына бир эсе суктанып, бир чети таңданып бүтпөй жатышканын жашырышкан жок.

"Үч күндөн бери Түркияны кыдырып жүрөбүз. Сапарыбыз Анталья шаарынан башталган, андан соң Памуккалеге бардык, ал эми бүгүн Каппадокияга келдик. Керемет көрүнүштөргө күбө болуудабыз. Тарыхый, өтө керемет жер экен.

Таң эрте аба шарларын көрүп келдик. Азыр болсо Үч сулуу деген керемет жерди кыдырып жүргөн чагыбыз. Сезимдерди сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Сөзсүз келип көрүшүңүздөр керек", - деген алар кыргыз элине салам жолдошту.

Каппадокиянын визиттик картасы, анын символу делген Үч сулуу Үргүп шаарчасынан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Уламыштарга караганда андагы таштар үй-бүлөнү сүрөттөйт: эне, ата жана бала. Үч сулуунун аталышы кызыктуу бир сүйүү окуясынан алынганы айтылат.

Бул үч пери мору аймактагы эң көп сүрөт тартылган жерлердин бири. Мында бул айкелдерден башка эч нерсе жок. Ошондуктан, адатта, адамдар башка жакка баратканда ушул жерге токтошот. Ташка айланган "денелер" өзгөчө түнкүсүн жарыктандырганда абдан көркөм жана жандуу көрүнүшкө ээ болот.

Ошондой эле Каппадокия аймагы жаратылыш кооздугун бийиктиктен көрүү максатында уюштурулган туристтик аба толтурулган шарлары менен белгилүү. Анда адамдар дээрлик жыл бою ысык аба шарларында учушат. Аба шарлары асмандан аймактын укмуштуудай пейзаждарын байкоого мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, бул пресс-тур Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин Маданият кеңешчилигинин демилгеси менен Түрк аба жолдору (Turkish Airlines) жана Түркиянын Туризмди өнүктүрүү агенттигинин (TGA) колдоосунда уюштурулду.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан