Лос-Анжелестеги 7-январдан бери 24 адамдын өмүрүн алган ири өрт менен күрөшүүдө Калифорния түрмөсүндө камакта жаткан 950дөй жаран өрт өчүрүүчүлөргө кошулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, кадимки өрт өчүргүчтөрдөн айырмаланып, кызгылт сары түстөгү форма кийген абактагылар суу түтүктөрү жок, жалаң кол шаймандары менен иштешет. Иштеген ар бир күн үчүн алардын убактысы эки күнгө кыскарып, күнүнө 10,24 доллар төлөнөт, бул Калифорниянын минималдуу эмгек акысынан (саатына 16,50 доллар) кыйла төмөн.
Өрттөрдү өчүрүүгө жалпысынан 14 миңдей адам, 1400 өрт өчүрүүчү унаа жана 84 учак катышууда. Жардамга АКШнын жети штатынан, ошондой эле Канада менен Мексикадан өрт өчүрүүчүлөр келишти.