Стамбулда адамдардын өлүмүнө алып келген окуя боюнча түркмөнстандыктар кармалды

Түркиянын Стамбул шаарында эки сутканын ичинде жасалма ичимдикке ууланып кеминде 19 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, жасалма алкоголдук ичимдикке ууланып 19 адам каза болсо, дагы 40ка жакын жаран ооруканага түшкөн. Ал эми ууланган адамдардын абалы оор экени жана каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экени айтылды.

Буга чейин жасалма алкоголдук ичимдикке ууланган кеминде 38 киши ооруканага жаткырылып, алардын 11и каза болгону маалым болгон.

Түрк басылмалары берген маалыматка караганда, түрк полициясы Түркмөнстандын эки жаранын "үй шартында алкоголдук ичимдик жасап, таратып жүргөн" деген шек менен кармады. Аталган жарандардын үйүн тинтүү учурунда 50 литрге жакын спирт ичимдиги жана ар кандай баңгизаттар табылган.

Ошону менен катар полициянын кызматкерлери жасалма ичимдиктерди саткан 63 соода түйүнүн жапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан